Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Ош июн коогалаңынын курмандыктарын эскерет


Ош мэриясы июн калабасынын эки жылдыгына карата иш-чара мерчемин бекитти. 10-июн күнү калаада көңүл ачуу иш-чаралар болбойт. Мечиттерде коогада курман болгондордун арбагына багышталып куран окулат.

Ош мэриясынын басма сөз кызматынан «Азаттыкка» билдиришкендей, ошол күнү «Манас» монументалдык комплексинин, «Тынчтык коңгуроосунун» жана Сулайман тоонун алдындагы чоң мечиттин ачылышы да күтүлүүдө. Андан сырткары, «Энелердин көз жашы» монументалдык комплексинин жанында коогалаңда курман болгондорду эскерип, митинг-реквием уюштурулат. (SE/RK)

XS
SM
MD
LG