Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:40

Аннан кайрадан Сирияга келди


БУУнун атайын чабарманы Кофи Аннан Сириянын жетекчилиги менен кездешүү үчүн Дамаскиге келди. Ал аэропортко түшөр замат жасаган билдирүүсүндө Асаддын режимин өлкөдөгү кризисти тынчтык жолу менен чечүү үчүн чечкиндүү кадамдарга барууга чакырды:

- Мен Сирия өкмөтүн кризисти жөндөө үчүн чечкиндүү кадам жасарын көрсөтүүсүн жана чатакка тартылган бардык тараптар ишенимдүү саясий жараянды баштоо үчүн тийиштүү жагдай түзгөнгө көмөктөшүүгө үндөдүм.

Жекшемби күнү БУУнун Коопсуздук Кеңеши Сирия өкмөтүн Хула шаарындагы кызыл кыргын үчүн айыптаган. 25-майдагы кыргында кеминде 108 адам, анын ичинде 49 бала жана 34 аял өлтүрүлгөн. БУУнун байкоочуларынын сөзүнчө, элдин көбү артиллерия же танктардын аткылоосунан набыт болгон.

XS
SM
MD
LG