Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:07

Насыя төлөй албаган 16 адам өз жанын кыйган


Насыя боюнча карызын төлөй албай өз жанын кыйган кыргызстандыктардын саны 16га жетти. Ал эми күрөөгө коюлган мүлкүн алдыргандар жүздөп саналат. Бул тууралуу бүгүн парламентте айтылды. Жогорку Кеңештин бюджет жана каржы комитети микронасыя уюмдары боюнча абалды талкуулады.

Комитет төрагасы Ахматбек Келдибековдун берген маалыматына караганда, микронасыя уюмдарынын үстөк пайызы 38 пайыздан 100 пайызга чейин жеткен. Натыйжада бир жылда алар жалпы жонунан 1 млрд 137 млн сом таза киреше тапкан. (RK)

XS
SM
MD
LG