Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:32

БУУ Ооганстанды апийим өндүрүшүнө каршы күрөшүн күчөтүүгө чакырды


Уюм ооган бийликтерин бул жаатта “көзгө көрүнөрлүк аракеттерди көрүүгө” үндөдү. Улуттар уюмунун Баңгиге жана кылмыштуулукка каршы күрөш мекемесинин аткаруучу директору Юрий Федотов Кабулда президент Хамид Карзай менен жолугушкандан кийин “Ооганстандын апийим талааларын жок кылуудагы Кабулдун ийгилиги анча ич жылытпайт” деди.
Карзай болсо азыр дүйнөдө өндүрүлүп жаткан апийимдин көпчүлүк бөлүгү Ооганстанга тиешелүү болуп жатканы менен, андан “башкалар пайда көрүп жатышканын” айтты.
“Баңги аткезчилиги менен эл аралык терроризм бири-бирине тыгыз байланыштагы түшүнүктөр, бул бизнеске аралашкандардын көбү оогандар эмес”, - деди президент. Дүйнөдөгү апийимдин 90% Ооганстанда өндүрүлөт.

XS
SM
MD
LG