Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:52

Митт Ромни АКШда Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкер статусун алды


Соңку кабарларга караганда, Техаста өткөн Праймеризди – ички партиялык шайлоону – Ромни 70% добуш менен утту. Ошентип ал Республикалык партиянын атынан президенттикке талапкердикти алыш үчүн зарыл болгон добушту топтой алды.

Массачусетстин мурдагы губернаторуна талапкерлик расмий түрдө быйыл августта Республикалык партиянын курултайында тапшырылат.

Кошмо Штаттарда президенттик шайлоо 6-ноябрга белгиленген. Шайлоодо Ромни Демократиялык партиянын талапкери Барак Обама менен күч сынашаары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG