Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:03

Кумтөргө кетчү унаа жол тосулду


Ушу тапта Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылында Кумтөргө кетчү унаа жол таш менен тосулуп турат. Кабарчыбыздын айтымында, нааразылык акциясына чогулгандардын саны эки жүздөй киши, көпчүлүгү жаштар.

Алар Кумтөрдү иштеткен компания экологияны бузуп жатканына нааразы экенин, жергиликтүү тургундарды ишке алууда айрым чектөөлөрдү алып салууну талап кылып жатканын райондун Жаштар кеңешинин жетекчиси Нарис Калчаев билдирди.

Райондун акими Жаныбек Дүйшөмбиев жаштар коюп жаткан талаптарды карап чыгууга убакыт керек экенин, жергиликтүү бийлик өзү чече албасын айтты.

Ал эми "Кумтөр оперейтинг" компаниясынын маалымат катчысы Сергей Дедюхиндин "Азаттыкка" билдиргенине караганда, Нарис Калчаев менен компания өкүлдөрү өткөн жумада эле жолуккан. Калчаев айрым ойлорун айтып, каржылоо маселесин көтөргөн. Компания ылайыгы келгенин карап көрүүгө даяр экенин айткан.

"Азырынча алар жолду тосту деген маалымат бизде жок. Бүгүн митинг саат 10до болот деген чакыруусун 10го эки саат калганда алып келишти. Эки саатта биз Барскоонго жетип барышыбыз мүмкүн эмес. Бирок ошол жактагы өкүлүбүздү жибердик. Азыркы саатка карата эч кандай талаптарын бизге айтыша элек", - деди Дедюхин. (MK/RK)

XS
SM
MD
LG