Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:39

Тибетте жүздөгөн киши кармалды


АКШда жайгашкан Эркин Азия радиосу кабарлаганына караганда, Тибеттин борбору Ласада соңку бир нече күндүн ичинде жүздөгөн киши кармалды. Анын алдында, жекшембиде эки киши өздөрүн өрттөп жиберишкен. Тибеттин укук коргоо топтору 2011-жылдын март айынан бери 35 тибеттик Кытайдын саясатына нааразылык билдирип, өздөрүн өрттөөгө барганын кабарлады. 27 киши жарааттарынан каза табышты. Шаршембиде эле Сичуан аймагында тибеттик аял, 3 баланын энеси өз жанын өзү кыйган. Кытай бийлиги андай кишилерди “террористтер” деп атоодо. Коммунисттик партиянын Тибеттеги саясий иштерге көз салган бөлүм башчысы Хао Пенг Интернетти жана SMSтерди чектөөгө үндөдү.

XS
SM
MD
LG