Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:34

Коррупцияга каршы күрөш: Баары алдыда


Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев 1-июнда Коргоо кеңешин жыйынга чогултуп, Улуттук коопсуздук концепциясынын долбоорун жана коррупцияга каршы күрөштү талкуулады.

Атамбаев концепцияга ылайык, бардык мамлекеттик министрлик-мекемелер чукул арада план түзүп ишке ашырышы керектин айтып, өкмөттү төрт айдан бери жемкордукту ооздуктоо боюнча жетиштүү чара көргөн жок деп сынга алды.

Кыргыз журтунда бийликтердин коррупциялык аракеттеринен майнап чыкпай жатат деген сын пикирлер арбыды.

Алмазбек Атамбаев Коргоо кеңешинин жыйынында Кыргызстанда саясий системанын өзгөргөнүнө байланыштуу жана азыркы дүйнөлүк кырдаалдан улам Улуттук коопсуздук концепциясын кабыл алуу зарыл болгонун белгиледи. Анда ички жана тышкы коркунучтарды алдын алуу, ага каршы чаралар камтылды:

- Концепциянын долбоорун иштеп чыгууда, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча негизги ишти Кыргызстандын ичинде жүргүзүү керек экени эске алынды. Эң башкы маселе – мамлекеттик органдар менен жарандык коом тышкы жана ички коркунучтарга: аскердик, экологиялык, финансылык, экономикалык, идеологиялык жана башка коркунучтарга кандай мамиле кылууга тийиш? Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирген кесепеттерди алдын алуу үчүн жана аларды жоюу боюнча кандай чараларды көрүү керек?

Атамбаев концепция кабыл алынгандан кийин ар бир мамлекеттик министрлик-мекемелер тез арада план түзүп, ишке ашыры керек болот деп айтты. Коргоо кеңешинин катчысы Бузурманкул Табалдиевдин билдиришинче, аймактардын өзгөчөлүктөрүнө жараша өзүнчө программа да даярдалмакчы.

- Коопсуздуктун абалына тиешелүү чөйрөлөрдө атайын мониторинг жана көзөмөл жүргүзүп туруу актуалдуу болуп жаткандыгын өткөн жылдардын тажрыйбасы көрсөттү. Анткени коркунучтарды алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ушуга байланыштуу концепцияда бөлүк киргизилген. Анда индикаторлор камтылган. Алар боюнча тигил же бул чөйрөдөгү абалга талдоо жүргүзө алабыз. Эгерде мониторингдин натыйжасында коопсуздукка коркунуч байкалса, тиешелүү органдар кырдаалды алдын алууга белги болот. Ушуга байланыштуу бардык компетенттүү органдар коопсуздуктун индикаторлорун чегин тез арада аныктап бекитиши зарыл.

Коргоо кеңешинде коррупцияга каршы күрөш тууралуу сөз болду. Президент Атамбаев өкмөттү жемкордукту тыйууга жетиштүү аракет көрбөй жатат, эл бийликтин коррупцияга каршы күрөшөм деген ниетине ишенбей жатат деп сынга алды:

- Албетте иш бир аз алдыга жылды. Бирок ачык айтайын - эл ишенбей турат. Эл чечкиндүү кадамдарды күтүп турат. Эми ишибиз буйдалып жатканын моюнга алышыбыз керек. Ушуга чейин, мисалы, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматты калыптандыруу маселелери чечиле элек.

Коррупцияга каршы кызмат жемкордукка каршы күрөштүн жаңы ыкмаларын иштеп чыга элек. Өкмөт болсо коррупция менен күрөш боюнча мыйзамдарды кабыл алууну негизсиз создуктуруп жиберди.Өткөн жолку жыйында паракорчулук менен күрөш боюнча стратегия кабыл алып жатканда бир катар мыйзам долбоорлор даяр деп айтканбыз. Аларды парламентке алып барып бергиле деп өкмөткө жөнөткөнбүз. Төрт ай өттү. Төрт айдан бери өкмөттөн парламентке мыйзам долбоорлору келе элек. Урматтуу өкмөт мүчөлөрү, анан кантип коррупция менен күрөшөбүз?


Коргоо кеңеши 30-январдагы жыйынында коомдогу коррупциялык көрүнүштөргө каршы чараларды көрүү тууралуу чечим кабыл алган болчу. Ага ылайык, Каржы полициясы жоюлуп, анын ордуна жаңы орган түзүү сыяктуу иш-чаралар каралган.

Кыргыз бийлиги Улуттук коопсуздук концепциясын түзүүгө 2010-жылы Кыргызстандагы коогалуу окуялардан улам киришкен. Кандуу калабанын эки жылдыгына карата айрыкчы өлкө түштүгүндө кооптонуулар күч ала баштаганы айтылууда.
XS
SM
MD
LG