Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:36

5-июнга карата аба ырайы


Шашылыш эскертүү
4-8-июнда республиканын тоо этектеринде нөшөр жаанга байланыштуу сел жүрүшү күтүлөт. Ойдуң жерлерде суу капташы мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

Аба ырайы
5-июнда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолу аймактарда кар түшөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз кээ бир райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу аймактарга кар түшөт. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 24...29,
Талас облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 24...29,
Баткенде түнкүсүн 12...17 күндүз 25..30 градус болот.
Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 13...18 күндүз 26...31,
Ысык-Көлдө түнкүсүн 6..11 градус, күндүз 16...21
Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 18..23,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -2..+3, күндүз 12...17,
Тоолордо түнкүсүн -3...+2, ал эми күндүз 2..7 болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Шамал батыштан, ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14...16, күндүз 27...29 градус болот.

XS
SM
MD
LG