Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:05

Кыргызстан жаратылыш кырсыктарынан 550 миллион сом чыгым тартты


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат катчысы Абдишарип Бекиловдун “Азаттыкка” билдиришинче, 2012-жылы 5 айдын ичинде жаратылыш кырсыктарынан келген чыгым 550 миллион сомдон ашты. Былтыр бир жылдын ичинде чыгаша 1 миллиард сомго жакындаган болчу.

Кыргызстанда быйыл кыш оор болуп, тоют жетпей малды жут алган учурлар катталды. Жазында нөшөрлөп жааган жаандан улам айрыкча өлкөнүн түштүк облустары азыркыга чейин селден жабыркап жатат. (EBM)

XS
SM
MD
LG