Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:12

Жалал-Абад: Элдин колунда уурдалган курал-жарак дагы эле бар


Жалал-Абад облусунда 2010-жылдын апрел, июн окуялары учурунда күч түзүмдөрүнөн тартылып алынган курал-жарактын 22 пайызы дагы эле элдин колунда.

Облустук милициянын маалымат катчысы Таалайбек Сусунбаевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ички иштер бөлүмдөрүнөн 113 даана курал-жарак уурдалган. Буга дейре эл арасында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жана түшүндүрүү иштеринин натыйжасында анын 88и же 78 пайызы кайтарылды.

Учурда облуста коомдук-саясий абал туруктуу. Коомдук коопсуздукту сактоо максатында милиция “ Арсенал”,”Нелегал” жана “Допинг” аттуу операцияларды өткөрүүдө.

10-июнда Бишкек – Ош унаа жолунун Сузак аймагында өкмөт эсебинен тургузулган эстеликтин жанында эки жыл мурда болгон кагылышта шейит кеткендер эскерилет. Расмий маалымат боюнча, 2010-жылы июн окуясында облуста 73 адам набыт болгон. Алардын үчөө милиция кызматкери. (YA/RK)

XS
SM
MD
LG