Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:13

Иран Р5+1 тобуна өз шартын айтты


Дүйнөнүн бакубат мамлекеттеринде Тегерандын ядролук ишмердүүлүгү боюнча көз карашына ынануудан “башка жол жок.” Мындай билдирүүнү Ирандын руханий көсөмү Аятолла Али Хаменейинин улук аскерий масилээтчиси Али Саеди жасады. Билдирүү Р5+1 тобу менен Ирандын 18-19-майда Москвада болчу кездешүүсүн утурлай жасалды. Айтылган топко АКШ, Британия, Кытай, Орусия, Франция жана Германия мүчө.

Саеди экинчи тараптан Ирандын ядролук ишмердүүлүгүн саясатташтырганды токтотууну да талап кылды. Бул жөнүндө Саедиге шилтеп, Ирандын Мехр агенттиги билдирди.

Батыш өлкөлөрү Иран атомдук бомбалуу болгонго аракет кылууда деп шектенет.

XS
SM
MD
LG