Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:33

Евро-2012: Орус ышкыбоздору 4 адамды жарадар кылды


Европанын футбол федерациясы - УЕФА орусиялык ышкыбоздорго нааразы. УЕФА Орусиянын футбол федерациясына жолдогон катта Польшанын Врослав шаарында болгон Орусия-Чехия командаларынын беттешүүсүнөн кийин орусиялык ышкыбоздордун кол салуусунан төрт адам жарадар болуп, ооруканага түшкөнү айтылат. Мындан тышкары орусиялык фанаттар оюн учурунда чех коргоочусу, ынды кара Жебре Селассинин ысмына адепсиз сөздөрдү айтышкан. Футбол ышкыбоздорунун адепсиздиги үчүн Орусиянын футбол федерациясы УЕФАга айып пул төлөөгө тийиш.

XS
SM
MD
LG