Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:04

Ысык-Көлдө 20 жаштагы кыз ала качуунун курмандыгы болду


Ысык-Көл облусунун Ак Cуу районунун тургуну, 20 жаштагы Кысымбай кызы Ырыс аны ала качып кеткенден кийин асынып көз жумган. Акыйкатчы Турсунбек Акундун “Азаттыкка” маалымдашынча, 8-июнда ушул эле райондун Сары-Камыш айылынын тургуну, 1978-жылы туулган Шаимбек Иманакунов Ырысты ала качып кетип, ошол эле күнү кыздын эркине каршы нике кыйылган. Бул маалыматты Акыйкатчы институтуна маркумдун эжеси кабарлаган. Маалыматка ылайык, Касымбай кызы Ырыс ата-энеси келген күнү турмушка чыгууга макул экенин билдирген. Бирок эртеси күнү күйөөсү жокто ата-энесине телефон чалып, алардын алып кетүүсүн суранып ыйлаган. Өз үйүнө баргандан кийин өз жанын кыйган. Бул факт боюнча милиция Иманакуновду кармап, бирок кийин бошоткон.

“Мурда эки аял алып кетирген жигит экен. Ал кыз "мен баары бир жашабайм, мен өзүмдүн көңүлүм менен турмушка чыгышым керек болчу, жашоонун кызыгы жок" деп айткан экен. Анан кыз намыстанып, арданып, таңга жуук асынып алыптыр. Шаимбек Иманакуновду болсо милиция койо бериптир. Биз Ау Суу райондук ички иштер бөлүмүнө, прокуратура, акимге чыгып, кайра камалсын деп талап коюп атабыз”, – деди “Азаттыкка” акыйкатчы.

Буга чейин Ысык-Көл облусунда эки кыз ала качкандан кийин өз жанын кыйганы белгилүү. Ала качуу үчүн жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору парлементте биринчи окууда кабыл алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG