Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:16

Оштун борбордук базарында иштегендер жол торошту


Бүгүн эртең менен Ош шаарынын борбордук базарында иштегендер нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар жолдун боюндагы соода күркөлөрүн алып салуу боюнча мэриянын чыгарган токтомуна макул эместигин айтышты. Бир сааттан ашуун убакытка созулган нааразылык иш-чарасынын эки жүздөй катышуучусу Кара-Суу көчөсүндө үч ирет жол тосконго аракет кылышты. Шаардык милициянын 30дан ашуун кызматкери тартипти жөнгө салып турду.

Шаардын вице-мэри Иляз Ражабовдун сатуучулар менен жолугушуусунан майнап чыккан жок. Соодагерлер ордуларынан кетпей турганын, эгер уруксат бербесе, наарызылык митинги уланаарын айткандан соң, соода кылууга убактылуу уруксат берилди.

Июнь коогасы учурунда күйүп кеткен базарда иштегендерге мэриянын чечими менен Кара-Суу көчөсүнүн боюнда убактылуу соода кылууга уруксат берилген. Бирок базар жол кыймылына тоскоол болгондуктан жергиликтүү бийлик аларга башка жерден соода үчүн жер бөлгөн. Жаңы жер соодага ыңгайсыз болгондуктан сатуучулар ал жакка баруудан баш тартып жатышат. Борбордук базарда 500дөн ашуун соодагер иштейт. (SE)

XS
SM
MD
LG