Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:20

Обама Беларус боюнча "чукул саясатынын" мөөнөтүн узартты


АКШнын президенти Барак Обама Американын Беларус менен мамилесин тейлеген "чукул саясатты" узартууга Минскте айрым өкмөт кызматкерлердин "Вашингтондун улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына катардан тышкары жана зор коркунуч келтирүүнү улантып жаткандыгы" себеп болгондугун билдирди.

Мындай жарыя Беларустун айрым жарандарына жана компанияларына каршы 2006-жылы киргизилген санкцияларды күчүндө калтырууга жол ачат. Обама ошондой эле Беларус өкмөтү 2011-жылы кабыл алган айрым тескери чаралар демократиялык башкарууда жана адам укуктарын сыйлоодо өлкө артка кетип жаткандыгын билдирерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG