Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:13

Евро-2012: УЕФА Германия менен Португалияга айып пул салды


УЕФАнын тартип көзөмөлдөө органы 9-июндагы Львовдогу футбол таймашында Германиялык футбол ышкыбоздору оюн талаасына ар кандай заттарды ыргытканы үчүн өлкөнүн футбол союзуна 10 миң евро айып пул салды. Ал эми Португалиянын курама командасы 2-таймда майданга кечигип чыкканы үчүн 5 евро айып акчасын төлөмөй болду. Германия жана Нидерландия курама командаларынын таймашында немистердин күйөрмандары трибунада пиротехника колдонуп, жашыл майсаңга ар кандай заттарды ыргытканы үчүн да айып пул салынышы мүмкүн.

Ал ортодо Варшаванын соту 20 жаштагы орус күйөрманы Дмитрий Абрамовду үч айга эркинен ажыратты. Ал 12-июнда Польша – Орусия беттешүүсү алдында мушташы үчүн ушундай жазага кириптер болду. Андан башка да орусиялык үч күйөрман камалган эле, алардын тагдыры азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG