Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:10

"Мусулман агайиндер" ыңкылап уланат деп эскертти


Демонстранттар экс-премьер-министр Ахмед Шафиктин сүрөтүн өрттөшүүдө. Каир, Тахрир аянты. 14-июнь 2012
Демонстранттар экс-премьер-министр Ахмед Шафиктин сүрөтүн өрттөшүүдө. Каир, Тахрир аянты. 14-июнь 2012

14-июнда Египеттин Конституциялык соту парламенттин төмөнкү палатасы - Элдик жыйынга былтыр болгон шайлоону мыйзамсыз деп тапты.

“Мусулман агайиндер” кыймылы болсо Конституциялык соттун чечими Египеттин элине “коркунучтуу күндөрдү алып келерин” эскертти.

Ишмеби күнү болчу президенттик шайлоонун экинчи айлампасында “агайиндердин” талапкери Мухаммад Мурси жана мурдагы премьер-министр Ахмед Шафик беттешет.
Былтыркы парламенттик шайлоодо депутаттардын бир бөлүгү пропорционалдык система же партиялык тизме боюнча, бир бөлүгү мажоритардык система боюнча шайланган.

Конституциялык сот шайлоону мыйзамсыз деп табуусун мажоритардык система боюнча шайланган депутаттардын үчтөн бири парламенттеги көз карандысыз талапкерлер үчүн бөлүнгөн орунду ээлеп отурганы менен түшүндүрдү.

Эми чечимге ылайык, Элдик жыйын (Межлис аш-Шааб) таркатылып, анын укугу Жогорку аскердик кеңешке өтүүгө тийиш. 2011-жылы февралдагы “Араб жазы” ыңкылабында Хосни Мубарак президенттиктен кулатылганда бийлик аскерий төбөлдөргө өткөн эле.

"Мусулман агайиндер" кыймылынан президенттикке талапкер Мухаммед Мурси пресс-конференцияда. Каир, 14-июнь 2012
"Мусулман агайиндер" кыймылынан президенттикке талапкер Мухаммед Мурси пресс-конференцияда. Каир, 14-июнь 2012
Былтыр күздөгү шайлоодо парламенттин ылдыйкы палатасы - Элдик жыйындагы көпчүлүк орунду исламчылар жеңген жана январда мыйзам чыгаруу укугун генералдар башындагы убактылуу бийликтен өткөрүп алган.

Бул шайлоодо египеттиктер акыркы отуз жылда биринчи жолу эркин добуш беришкен.
Конституциялык сот 14-июнда ошондой эле Мубарактын акыркы өкмөтүндө премьер-министрлик кылган Ахмед Шафиктин президенттик шайлоонун экинчи айлампасына катышуусун мыйзамдуу деп жарыялады.

16-17-июнда болчу президенттик шайлоодо Ахмед Шафик исламчыл “Мусулман агайиндер” кыймылынын өкүлү Мухаммад Мурси менен беттешет.

Серепчилердин пикиринче, Конституциялык соттун чечими Мубарактын 30 жылдык бийлиги коңторулгандан кийин башталган демократиялык жараяндар артка бурулду дегенди билдирет.

Мухаммед Мурси ишемби-жекшемби күнкү президенттик шайлоодо кандайдыр бир калпыстыктар болсо эле, Египетти жаңы ыңкылапка алып барат деген ишенимде.

- Биз өз сапарыбызды улантабыз жана шайлоонун жыйынтыгын кылдат байкап турабыз, - деди Мурси. - Кандайдыр бурмалоолор болсо, анын аягы кылмышкерлерге каршы ыңкылап менен бүтөрүн билип калбадыкпы. Былтыр 25-январдагы ыңкылап максатына толук жетмейин ыңкылап токтобойт.

Мухаммед Мурсинин шайлоо штабынын башчысы Ахмед Абдел Мутинин сөзүнө караганда, соттун Ахмед Шафиктин президентке талапкерлигин колдогон чечими Египеттин эли үчүн “аптаптагы чагылгандай” эле болду:

- Соттун чечимине биз жана бардык египеттиктер айран болдук. Эски бийликтин бир бөлүгү болгон адам президенттик шайлоодон четтетилбеди. Бул бардык египеттиктер үчүн шок болду.

Египеттин аскерий полициясы Конституциялык соттун имаратын күзөтүүдө. 14-июнь 2012
Египеттин аскерий полициясы Конституциялык соттун имаратын күзөтүүдө. 14-июнь 2012
Конституциялык соттун чечими египеттиктерди таң калтырганы мыйзамдуу. Себеби парламент өткөн айда кабыл алган мыйзам Мубарактын өкмөт мүчөлөрүнүн жогорку мамлекеттик кызматты ээлөөсүнө тыйуу салат.

АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Египеттин убактылуу аскерий жетекчилигин бийликти демократиялуу жол менен эл шайлаган өкмөткө өткөрүп берүүнү улантууга үндөдү:

- Куралдуу күчтөрдүн Жогорку Кеңеши Египет элине берген убадасында туруп, бийликти толук бойдон демократиялуу шайланган жарандык өкмөткө өткөрүп берет деген үмүттөбүз. Египет эли талап кылган демократиялык реформадан артка жол жок.

Ак үй Египеттин Конституциялык сотунун чечимине өз баасын бере элек. Ал эми Мамдепартаменттин өкүлү Виктория Нуленддин билдиришинче, Вашингтон соттун чечими менен таанышууда жана аны түздөн түз комментарийлебейт. Бирок Нуленд айым Египет калкы былтыркы ыңкылаптын түшүмүн көрүп, “өздөрү шайлаган өкмөттүү жана президенттүү болууга тийиш” деди.

XS
SM
MD
LG