Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

Муфтийге каршы топтун жыйыны дагы болбой калды


Муфиятка каршы чыгып жаткан уламалар кеңешинин айрым мүчөлөрү 16-июнда жыйынга чогулушмак эле. Бирок уюштуруу иштерине байланыштуу жыйын болбой калды. Мындай маалыматты Дин боюнча мамлекеттик агенттиктин эксперти Жусуп Балтабаев бүгүн “Азаттыкка” тастыктады.

Буга чейин иш сапарларына жана ден соолугуна байланыштуу жумуш ордунда болбогон муфтий Чубак Ажы Жалилов өткөн жумада ишке чыкты. Бирок дагы деле дарыланып жатканын “Азаттыкка” Кыргызстандын дин башкармалыгынын басма сөз катчысы Максат Мамбеталиев билдирди:

- Муфтий июндун башында Орусияга, анан Казакстанга катар-катар сапарга чыккан үчүн жолдо кыйналып, суук тийип калыптыр. Ага карабай 8-июнда дароо Түркияга жөнөп кеткендиктен ден-соолугуна байланыштуу кайтып келди.

Көптөн бери уланып келаткан муфтийдин тегерегиндеги талаш болсо аягына чыга элек. Буга чейин муфтийдин тарапкерлери Чубак ажы Жалиловду кызматтан алуу аракети болуп жатканын билдирип чыгышкан. (AKu)

XS
SM
MD
LG