Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Парламентте кол чабуудан кайым айтышуу чыкты


Бүгүн Жогорку Кеңеште кол чабуунун айынан депутаттар ортосунда кайым айтышуу чыкты. Кумтөр боюнча маселени талкуулоо алдында бул жыйынды журналисттерди катыштырбай, жабык өткөрүү сунушу түшкөн. Сунушту төрага добушка коюп, 28 депутат макул, калган 50сү каршы чыкты. Добуш берүүнүн жыйынтыгын кубаттагандар кол чаап жиберишкенде депутат Эгемберди Эрматов "Бул жер театр эмес!" деп кол чапкандарга эскертти.

Ал эми депутат Камчыбек Ташиев: "Түрмөдө гана кол чаппайт. Эмнеге парламентте кол чаппаш керек экен? Чабыш керек. Антип тыюу салганды токтотуш керек. Бул элдин трибунасы", деди. (RK)

XS
SM
MD
LG