Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:22

Качкын болууну эч ким каалабайт


Пакистандагы оогандык качкындар, Пешавар, 19-июнь, 2012-жыл
Пакистандагы оогандык качкындар, Пешавар, 19-июнь, 2012-жыл

Бүгүн Качкындардын эл аралык күнү. БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариатынын соңку маалыматына караганда, дүйнөдө 43,7 миллион адам өлөң-төшөгүн таштап, жер которууга аргасыз болгон.

БУУ бул күнү куралдуу жаңжалдардан, террордон, куугунтуктоолордон качып, там-ташын, мекенин, жакындарын таштап кетүүгө мажбур болгон миллиондогон адамдардын проблемаларына көңүл бурууга аракеттенет. Ар бир мүнөттө дүйнөдө 8 киши качкынга айланат. Уруш, кагылышуулардын, жаратылыш кырсыктарынын ар бир жаңы очогу качкындардын миллиондогон армиясын көбөйтөт.

БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссариаты соңку докладында былтыр дүйнө жүзү боюнча 800 миңдей киши качкындардын санын толуктаганын жазып чыкты. 2000-жылдан бери 12 айдын ичинде мынча көп бозгун пайда болгон эмес.

Ошол эле маалда рекорддук 3,2 миллион киши үйлөрүнө кайтып барган. Натыйжада качкындар менен өлкөнүн ичинде орун которгон адамдардын саны 43,7 миллион кишини түздү. 2011-жылы качкындар негизинен Ливия, Судан жана Сомалидеги чыр-чатактардан улам көбөйгөн. Жалпысынан алардын басымдуу көбү 5 жылдан ашуун убакыттан бери бөтөн жерде баш калкалоого муктаж.

Комиссариаттын маалыматына караганда, эң көп качкын – 2,7 миллион киши - Ооганстанга туура келет.

Ондогон жылдардан бери тынбай келаткан согуштан качып, Кыргызстандан баш калкалаган адамдардын көпчүлүгүн да оогандар түзүшөт, - деп айтып берди Качкындар комиссариатынын Бишкекектеги өкүлчүлүгүнүн коомчулук менен байланыштар бөлүмүнүн адиси Чыңгыз Батырбеков:

- Ушу тапта Кыргызстанда 800дөй качкын бар. Алардын арасынан 200дөйү качкын макамын ала электер. Басымдуу көпчүлүгү – Ооганстандан ооп келген бозгундар. Алардын дээрлик бардыгы Канада, АКШ же Европага кетүүнү каалашат. Бирок азырынча биздин региондон качкындарды кабыл алууга даяр өлкөлөр жок. Ошондуктан ооган качкындары Кыргызстанда кала берүүгө аргасыз.

БУУнун Качкындар агенттиги ырастагандай, Ош окуясы маалында өлкөнүн түштүгүндө 375 миң киши жер которгон, алардын 75 миңдейи Өзбекстанга качкан, калгандары Кыргызстандын башка аймактарына көчүшкөн.

Чыңгыз Батырбековдун айтымында, Качкындар комиссариаты жүргүзгөн акыркы изилдөөгө караганда, 3 миңдей киши үйлөрүнө кайтып келе элек.

Жабыркагандардын көбү ал опурталдуу күндөрү үйлөрүн таштай качканда же турак жайлары талкаланып, өрттөнүп кеткенде документтеринен айрылышкан. Качкындар агенттиги ошолорго укуктук жана социалдык жардам берүүнүн үстүнөн иштеп келатат:

- Ош окуяларында жапа чеккендерге ырааттуу мониторинг аркылуу маалымат берилип турат. Андан тышкары калкка социалдык колдоо көрсөтүүнү жакшыртуу үчүн чакан, ыкчам аракеттенүүчү долбоорлор иштеп жатат. Жаңжал учурунда же андан кийин көптөгөн адамдар документтеринен айрылып калышкан. Биз өздүк документтерин, күбөлүктөрүн, мүлкүнүн же жеке бизнесинин кагаздарын калыбына келтирүүгө жардам беребиз. Бул багытта биз бейөкмөт уюмдар, юридикалык өнөктөштөрүбүз менен иштешебиз. Керек болгон учурда юристтер кеңеш берүүдөн тышкары жаңы документ алууга барганда аларды мамлекеттик мекемелерге коштоп барышат.

Кыргызстан тышкы иштер министрлиги Качкындар күнүн утурлай жасаган билдирүүгө ылайык, 2010-жылы кабыл алынган жаңы конституцияга чет өлкөлүк жарандарга жана жарандыгы жок адамдарга баш паанек берүү эл аралык милдеттенмелерге жараша жүргүзүнү караган берене киргизилген.
БУУ: Эч ким качкын болгусу келбейт
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00

XS
SM
MD
LG