Туризм боюнча координациялык кеңеш жыйын курат. Иш-чара бүгүн Бишкекте өтөт. Анда Маданият жана туризм министрлиги Эл аралык ишкер кеңеш жана башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен туризм тармагын жакшыртуу жолдорун талкуулайт.
Кыргыз бийликтери четтен келген конокторго жагымдуу шарт түзүлөөрүн убада кылууда. Адистердин пикиринде, туризм тармагын өстүрүп-өнүктүрүүдө мамлекеттин аракеттери жетишсиз болуп жатат.
Кыргыз бийликтери быйыл сезон маалында 3 миллиондон ашык турист келет деп күтүп жатат. Былтыр сырттан өлкөнү көрүп эс алууга келгендердин саны ушунча болгон жана казынага 195 миллион сомдон ашык каражат түшкөн. Андан мурунку жылдары коогалуу окуялардын улам туристтик сезон үзгүлтүккө учураган болчу. (EBM)