Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:02

Египеттеги шайлоону исламчылардын талапкери жеңди

Мохамед Мурсинин Тахрир аянтындагы колдоочулары, 24-июн, 2012-жыл
Мохамед Мурсинин Тахрир аянтындагы колдоочулары, 24-июн, 2012-жыл

Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.

Египеттин Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына ылайык, экинчи айлампада Мохамед Мурси атаандашы – Хосни Мубарактын акыркы өкмөтүн жетектеген генерал Ахмед Шафикти жеңди. Мурси добуштардын 51,7% алса , Шафикке 48,3% добуш беришкен.

"Талапкерлер алган добуштардын саны төмөнкүдөй: Доктор Ахмед Шафик Заки 12 миллион 347 миң 380 же 48,27 процент, доктор Мохамед Мурси Иса ал-Аят – 13 миллион 230 миң добуш алды", - деп жарыялады шайлоо комиссиясынын төрагасы Фарук Султан.

Каирдеги айтылуу Тахрир аянтына чогулган Мурсинин миңдеген тарапкери кабарды кол чабуулар, салют атуу менен кабыл алышты.

17-июнь күнкү шайлоо Египетти экиге бөлгөндөй болду. Айрымдары Шафиктин бийликке кайтышы менен Мубарак тушундагыдай режим орнойт деп чочулашса, башкалары ислмачылардын башкаруусун каалабаганын айтышат.

Шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 51,8 проценти катышты.


Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Мохамед Мурси (солдо) жана Ахмед Шафик
Мурси мындан 16 ай мурун элдик толкундоолордун натыйжасында бийликтен кулатылган Хосни Мубарактын ордун басмакчы.

Жеңилип калган талапкер - Шафиктен азырынча комментарий түшө элек. Буга чейин ал шайлоонун жыйынтыгын урматтаарын айтып келген.

Кесиби боюнча инженер, 60 жаштагы Мурси жаңы өкмөткө башка саясий күчтөрдүн өкүлдөрүн чакыраарын убада кылган.

Борбордук шайлоо комиссиясы 17-июнь күнкү шайлоонун жыйынтыгын бейшембиде шардана кылмак, бирок айрым бурмалоо фактыларын териштирүү үчүн убакыт талап кылынаарын айтып, жарыясын бир нече күнгө кийинкиге жылдырган.

“Мусулман агайындар” кыймылынын колдоочулары расмий жыйынтыкты Тахрир аянтында күндөп-түндөп күтүштү.

Расмий маалымат белгилүү боло электе эле эки талапкер тең өздөрүн жеңүүчү деп жарыялап жиберишкен.

Египеттеги шайлоонун жыйынтыгы

Талапкер Мохамед Мурси жума намазга келди. Каир, 22.06.2012
1/15 Талапкер Мохамед Мурси жума намазга келди. Каир, 22.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Талапкер Ахмед Шафик шайлоонун жыйынтыгына чейин эле жыйын өткөрүп жиберген. Каир, 21.06.2012
2/15 Талапкер Ахмед Шафик шайлоонун жыйынтыгына чейин эле жыйын өткөрүп жиберген. Каир, 21.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Башкы эки атаандаш: Мохамед Мурси (солдо) менен Ахмед Шафик
3/15 Башкы эки атаандаш: Мохамед Мурси (солдо) менен Ахмед Шафик
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Тахрир аянтындагы аскердик башкарууга каршы демонстрация. 20.06.2012
4/15 Тахрир аянтындагы аскердик башкарууга каршы демонстрация. 20.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Экс-премьер Ахмед Шафик маалымат жыйында. Каир, 21.06.2012
5/15 Экс-премьер Ахмед Шафик маалымат жыйында. Каир, 21.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
6/15
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Мохамед Мурсинин жактоочусу. Каир, 23.06.2012
7/15 Мохамед Мурсинин жактоочусу. Каир, 23.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Ахмед Шафиктин жактоочусу Аскердик кенештин башчысы, фельдмаршал Мохамед Хусейн Тантавинин сүрөтүн көтөрүп келди. Каир, 23.06.2012
8/15 Ахмед Шафиктин жактоочусу Аскердик кенештин башчысы, фельдмаршал Мохамед Хусейн Тантавинин сүрөтүн көтөрүп келди. Каир, 23.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Ахмед Шафиктин жактоочулары христиан жана мусулман эн белгилерин айкалыштырып кармап турат.  Каир, 23.06.2012
9/15 Ахмед Шафиктин жактоочулары христиан жана мусулман эн белгилерин айкалыштырып кармап турат.  Каир, 23.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Шайлоодон кийинки намазга жыгылуу. Каирдин Тахрир аянты, 19 маусым 2012 жыл
10/15 Шайлоодон кийинки намазга жыгылуу. Каирдин Тахрир аянты, 19 маусым 2012 жыл
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
<span class="zoomMe">&ldquo;Мусулман агайындар&rdquo; Мохамед Мурсинин жеңишин майрамдоодо.</span> Каир, 24.06.2012
11/15 “Мусулман агайындар” Мохамед Мурсинин жеңишин майрамдоодо. Каир, 24.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Мохамед Мурсинин тарапкерлери бири-бирин куттуктоодо. Каир, 24.06.2012
12/15 Мохамед Мурсинин тарапкерлери бири-бирин куттуктоодо. Каир, 24.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
<span class="zoomMe">&ldquo;Мусулман агайындар&rdquo; Мохамед Мурсинин жеңишин майрамдоодо.</span> Каир, 24.06.2012
13/15 “Мусулман агайындар” Мохамед Мурсинин жеңишин майрамдоодо. Каир, 24.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Ахмед Шафиктин колдоочулары жеңилүү ызасын тартууда. Каир, 24.06.2012
14/15 Ахмед Шафиктин колдоочулары жеңилүү ызасын тартууда. Каир, 24.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Ахмед Шафиктин колдоочулары. Каир, 22.06.2012
15/15 Ахмед Шафиктин колдоочулары. Каир, 22.06.2012
Египеттин жаңы президенти болуп “Мусулман агайындар” кыймылынын талапкери Мохамед Мурси жарыяланды.
Артка
Алдыга

Египеттин мамлекеттик телеканалы кабарлаганына караганда, башкаруудагы Аскердик кеңештин төрагасы маршал Хусейн Тантави Мурсини жеңиши менен куттуктады. Мубарак кулатылгандан кийин түзүлгөн Кеңеш акыркы күндөрү өзүнүн мыйзам чыгаруу жана аткаруу бийлигин күчөтүү жана президенттин ыйгарымдарын чектөө багытында бир нече мыйзам кабыл алган. Тахрир аянтындагы эл генералдардын бийлигине каршы ураандарды кыйкырып жатышты.

Жума башында Кеңештин жогорку даражалуу өкүлү генерал Мохаммад ал-Асар бийликти жаңы шайланган президентке ай соңунда өткөрүп берээрине ишендирип, ал “чоң салтанат” менен коштолоорун билдирген.

Египеттеги шайлоонун жыйынтыгын Газа тилкесинде да кубануу менен кабыл алышты. Газаны “Мусулман агайындарынын” жергиликтүү канаты – исламчыл “Хамас” тобу башкарып келатат.
  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG