Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:21

Жалал-Абадда сел агызып кетти делген адам изделүүдө


Кечээ кечке жуук Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Талас облустарынын аймактарында сел жүрдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Жалал-Абаддын Сузак районундагы Багыш айыл аймагында Көк-Жаңгак-Сай суусундагы көпүрө кыйраган. Натыйжада аты-жөнү такталбаган бир адам сууга агып кеткени күмөндөлүп, жергиликтүү тургандар издеп жатышат. Селден улам райондун аймагында электр энергиясы үзгүлтүккө учураган.

Селдин кесепетинен Оштун Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагындагы агын суунун нугу бурулган. Өзгөн районунда беш турак үйдүн короолоруна суу кирген. Баткен облусунун Кадамжай жана Баткен райондорунда жүздөн ашык үйдүн суу каптап, чарбалык жолдор зыянга учураган.

22-июнда Кадамжай районундагы сел үч адамдын өмүрүн алган болчу. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел коркунучу 29-июнга чейин сактала берерин билдирүүдө. (KKs)

XS
SM
MD
LG