Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Өкмөт иштей албай жатабы?


Жогорку Кеңеште депутаттар өкмөттү кызматтан кетирүү максатында кол топтой баштады.

Демилгечилер - башкаруучу коалицияга кирген фракциялардын депутаттары. Алардын мындай кадамга баруусунун себеби эмнеде жана кандай натыйжа бериши мүмкүн? “Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу мына ушул темага арналды.

Бүгүнкү талкууга Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Абдырахманов, Мирлан Бакиров жана саясатчы Бейшенбек Абдырасаков катышты.

“Азаттык”: Өкмөттү кызматтан кетирүү үчүн отуздан ашуун депутаттын колу топтолуп калганы айтылып жаткан. Азыркы мезгилде канча болуп калды жана сиздердин бул демилгеге мамилеңиз кандай?

Мирлан Бакиров: Менин угушум боюнча, 30дан ашык депутаттар демилге көтөрүп, Өмүрбек Текебаев баш болгон “Ар-намыс”, “Ата Мекен” партияларынын депутаттары кол топтой баштаптыр. Бүгүнкү күндө 40ка жакын деп бирөө айтат, андан сырткары кол коюп, бирок кайра чакыртып алгандар бар деп угуп атабыз. Ошондуктан так, анык санын айтуу азырынча кыйын.

“Азаттык”: “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев өкмөттү кызматтан кетирүүнүн себептери катары буларды айткан:

Өмүрбек Текебаев: Экономикалык өсүштүн темпи төмөндөп кетти. Экинчиден, коррупцияга каршы күрөштө өкмөт өз мүмкүнчүлүгүн пайдаланбай жатат. Тескерисинче, тоскоол болгондой түрү бар. Мисалы, президент Атамбаев мындан төрт ай мурун мыйзам долбоорлорун киргизсе, өкмөт 3-4 ай ал мыйзамдарды катып жаткандыгы ачыкка чыкты.

Коррупцияга каршы күрөшүүдө, инвестициялык климатты жакшыртууда адилеттүү сот системасы эң негизги факторлордун бири. Соттук реформада өкмөт четтеп көрүүчү катары туруп алды. Мамлекеттик мүлктү, анын ичинде бюджетти мыйзам бузуулар менен башкарып, кээде шалаакылыгын көрсөтүп жатат. Мисал катары “Мегакомду” келтирсек болот.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:



“Азаттык”: Өмүрбек Чиркешович ошондой эле Кумтөрдөгү өкмөттүн ишин да кескин сынга алды. Ушул айтылган сындар өкмөттү кызматтан кетирүүгө негиз болуп бере алабы?

Өмүрбек Абдырахманов: Негиз болуп бере албайт. Анткени Текебаев фактыга таянбай, жөн гана эмоцияга таянган факты болуп атат. Маселен, экономика түшүп кетти деп атат. Ал Кыргызстандын экономикасы түштүбү, же Кумтөрдүкүбү? Эгер Кумтөрдүкү түшкөн болсо, ал эмне үчүн түштү, ага өкмөттүн күнөөсү барбы, же жокпу?

“Мегаком” боюнча да туура эмес нерселерди айтып атат. Аны Максимдин компаниясын Текебаев баш болуп турган Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү 100 пайыз эмне үчүн алган эмес, 49 пайызын гана алып, калгандарын соодалап жиберишкен. Бул маселени оппозиция көтөрүп чыкса түшүнөт элек, алардын наны. Ал эми коалицияга кирген Текебаев көтөрүп атканы бул саясий интрига экени көрүнүп турат.

Эгер чын эле начар иштеп атса, эмне үчүн коалициянын жыйналышына алып чыкпайт бул маселени, мындай кемчиликтер кетип атат, мындай кылсак жакшы болот эле, мындай реформа жасайлы деп өзүнүн программасын сунуштап, бир дагы жыйналыш өткөргөн жок. Ошон үчүн бул жеке эле Текебаевдин таарынычынан чыккан нерсе болсо керек.

“Азаттык”: Бейшенбек мырза, эл ичинде жүрөсүз. “Ата Мекендин” лидеринин демилгеси жөндүүбү?

Бейшенбек Абдырасаков: Өкмөттүн келгенине аз болду, убакыт бериш керек эле. Элдин ишеничи чоң болчу, бул революция бизге өтө кымбатка турду, 500гө жакын киши өлдү, канча деген киши жарадар болду, бюджеттен 3 млн. акча жок болду.

Тез арада экономика өсүп, өнүгүп, өкмөт реформа болуп, коррупция жоголуп, сот реформаларды бүтүрүп, эң негизгиси жеке адамдардын жашоосунда жакшы жагына өзгөрүү болуш керек эле. Ошол өзгөрүүнү эл көрө албай турат. Бүгүнкү күнү баягыдай эле коррупция, жакырчылык, кымбатчылык. Элдин үмүтү аябай чоң эле. Бүгүнкү күнү элде анчалык ишеним, көзгө көрүнө турган иштер жок.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG