Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Камактагы депутат Түлеев ачкачылыгын улантууда


УКМКнын тергөө абагына камалган депутат Нариман Түлеев дале ачкачылык жарыялап олтурат. Бул тууралуу “Азаттыкка” депутаттын адвокаты Султан Баратов билдирди. Анын айтымында, Түлеев негизсиз камалганын айтып, ага каршылык көрсөтүү максатында тамактан баш тартууда. “Кечээ саат алтыда акыркы жолу көргөм. Абалы жакшы эмес”, - деди Баратов. Түлеевдин адвокаты депутаттын ден-соолугун текшертүү үчүн Башкы прокуратурага, УКМК жетекчилигине кайрыларын билдирди. Мындан тышкары Биринчи май райондук сотунун чечимин жокко чыгаруу талабы менен Бишкек шаардык сотуна кайрыларын кошумчалады.

Түлеевдин ачкачылык жарыялаганын УКМКнын басма сөз кызматы тастыктап, депутат медиктердин көзөмөлүндө экенин билдирди.

Түлеев Бишкектин мэри кезиндеги коррупциялык аракеттери үчүн айыпталып, 24-июнда УКМКнын тергөө абагына эки айга камакка алынган. (KKs)

XS
SM
MD
LG