УКМКнын Террорчулукка каршы борбору Бишкек шаары жана Чүй, Ысык-Көл, Талас облустарында машыгууларды өткөрүүдө. 26-июнда башталып, бүгүн жыйынтыктала турган машыгуулар бир эле маалда бир нече аймакта чыккан террордук аракеттерге каршы турууну үйрөтөт. Айрым машыгуулар “Газпром нефть Азия” ишканасынын отун-энергетикалык комлекстеринде, Боом капчыгайындагы көпүрөдө өтөт. Иш-чара террордук аракеттерди алдын алуудагы жергиликтүү бийликтин ишин жакшыртууну да көздөйт. (KKs)