Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:09

Италия менен Испаниянын банктарына жардам берилет


Евро мейкиндиктин лидерлери карыз кризисине туш болгон Италия менен Испанияга жардам берүү үчүн чукул чараларды бекиткенден кийин Европа биржаларындагы көрсөткүчтөр өсө баштады. Бирдиктүү валюта жүгүртүлгөн 17 өлкөнүн жетекчилери кризиске кабылган банктар Европа стабилдүүлүк фондунун каражаттарын колдоно алат деп макулдашты. Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэл Баррозу билдиргенине караганда, евро мейкиндиктин өлкөлөрү монетардык биримдик түзүүнүн үстүнөн иштөө тууралуу сүйлөшүштү. Финансылык кризис менен күрөшүү чаралары бүгүн Евробиримдикке кирген бардык 27 өлкөнүн катышуусунда уланат.

XS
SM
MD
LG