Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Евро-12: Испания Италиянын таш-талканын чыгарды


Өткөн түнү Украинанын баш калаасы Киевде өткөн европалык футбол чемпионатынын жыйынтыктоочу оюнда Испания Италияны 4-0 эсебинде утту.

Дүйнөнүн да чемпиону болгон Испания Киевдеги финалда башынан эле катуу ойноп, 14-мүнөттө Давид Силва алгачкы топту киргизди. Хорди Алба 41-мүнөттө, Фернандо Торрес экинчи бөлүктө 84-мүнөттө, ал эми Хуан Мата дагы төрт мүнөттөн кийин төртүнчү топту киргизди.

Анын аралыгында ФИФАнын жетекчиси Мишел Платини Евро-12ни чогуу тоскон Украина менен Польшаны "укмуштуудай мелдеш уюштурушту" деп мактады.

XS
SM
MD
LG