Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:05

Исламчылар байыркы Тимбукту мечитинин эшигин талкалашты


Африканын батышындагы Мали өлкөүвндө исламчыл козголоңчулар 15-кылымда курулган мечиттин жабык турган эшигин бузул салышты. Жергиликтүү элдин бул эшик ачык турса, жин-шайтан кирип келет деген ишеними менен кылымдардан бери жабык турган эшикти чалма салынган эркектер кечээ "Алла улуу" деген кыйкырык менен балталап талкалашты.

Тимбукту калаасындагы Дүйнөлүк Мурас тизмесине кирген жайлардын буга чейинки талкаланышына байланыштуу АКШнын мамкатчысы Виктория Нуланд мындай деди:

- Тимбуктудагы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк Мурас тизмесиндеги жайлардын бузулушун Кошмо Штаттары катуу айыптайт. Биз бардык тараптарды Мали өлкөсүнүн маданий мурастарын сактоого чакырабыз. Биз ошондой эле өлкөнүн түндүгүндө согуш аракеттеринин кайра күчөшүн айыптайбыз жана бардык топторду согушту токтотуп, эл аралык арачылар менен алака түзүүгө чакырабыз.

XS
SM
MD
LG