Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:19

Футбол: Майданда жалгыз баатыр эмес


Футбол федерациясынын башкы катчысы алмашты. Эми кыргыз футболунда өзгөрүү болуп, жылыш күтүлөбү?

Европа чемпионатынан кийин эки кишинин башы кошулса эле кеп кылганы футбол. Мурда кеңеш курамында турган учурда коңшу Казакстан, Өзбекстан менен теңтайлаш абалда турган Кыргызстан учурда алардан ат чабым артта калган. Атүгүл дүйнөдөгү эң жакыр саналган Сомали, Эритрея, Папуа Гвинеядан да төмөн турганы факт.

Эл аралык футбол федерациялар ассоциациясынын акыркы жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы дүйнөдөгү 208 мамлекеттин ичинен 195-орунду ээледи. Бул - кыргыз футбол тарыхында эң төмөн көрсөткүч.

Футбол федерациясы оор абалдан чыгуунун амалдарын издеп жаткан учуру. Жакында эле Федерациянын баш катчысы Нуртазин Жетибаев өз каалоосу менен кызматынан бошоду. Анын ордуна баш катчысы болуп жаңы дайындалган Асылбек Кадралиевдин айтымында, мурдагы иш-аракеттер талдоого алынып, өнүгүү концепциясын жазып, демөөрчүлөрдөн каражат табууну максат кылууда.

Мамлекет болсо футболду чыгашалуу спорт катары санап, каражат бөлбөй келет.
Кыргыз футболу ФИФАнын федерацияга бөлүп берген 250 миң доллардын эсебинен гана каржыланат. Бул каражат курама команданы кармоого, мелдештерге катышууга, машыктыруучуларга айлык акыга чыгымдалып жатканын федерациянын маалымат катчысы Канат Асенов “Азаттыкка” айтты.

Кыргызстандын Испаниядагы ардактуу консулу Таалайбек Бапановдун пикиринде, футбол федерациясына иш билги жетекчи керек.

- Европа абдан күчтүү менеджерлер бар. Алар футболдогу ар бир ишти уюштуруп, карап турушат. Кыргызстанда ушундай кесипкөй менеджерлер жетишпей жатат. Бул футбол гана эмес, спорттун башка түрлөрүндө да байкалат. Эгерде өлкө чемпионаты күчтүү болсо, ошол жерде улуттук команда күчтүү болот.

Учурда Кыргызстандын Жогорку лигасында быйыл 8 команда ойноп жатат. Алардын ичинен Бишкектин "Дордой" клубу менен Кант шаарынын "Абдыш-Ата" клубу гана туруктуу каржыланып, өз стадиону, футбол мектептери бар.

Буга чейин 6 команда араң чогултуп, аз жерден Жогорку лигада мелдештер өтпөй кала жаздаган. Бишкектин мэриясы каржылаган "Алга" командасы менен Оштун "Алай" командасынын кошулушу менен бул кырдаалдан чыкты. Бирок былтыр 5 команда гана чемпионаттын финалына чейин жетти. Калган үчөө каражаттын айынан орто жолдон четке чыга беришти.

Канттын “Абдыш-Ата” клубунун өкүлү Азатбек Шайлдабеков өлкөдөгү футболдун деңгээли өспөй токтоп калганын, жаңы башкы катчы бардык маселени өзү чече албастыгын белгилейт.

Футбол федерациясынын президенти, Сот департаментинин мурдагы жетекчиси, экс-президент Курманбек Бакиевдин жардамчысы Айбек Алыбаев былтыркы апрель окуясынан кийин сыртка чыгып кеткен, ошондон бери өлкөгө кайта элек.

Бирок ал ФИФАнын жыйындарына, Азия футбол конфедерациясынын иш-чараларына Кыргызстандын атынан делегат болуп катышып жүрөт.

Жакында федерациянын аткаруу комитетинде Алыбаевдин маселеси коюларын бул уюмдун вице-президенти, генерал Өмүрбек Кутуев “Азаттыкка” маалымдаган.

“Учур” гезитинин спорт кабарчысы Сурат Жылкычиевдин пикиринде, Футбол өнүктүрүү үчүн федерациянын башкы катчысын алмаштуруу менен жылыш болбойт. Эң башкысы чет өлкөдө жүрүп, федерациянын ишин толук кандуу башкара албаган уюмдун президенти Айбек Алыбаев ордун эрте бошотуп берүүсү зарыл.

Кыргызстанда бул оюнга коомчулуктун да, мамлекеттин да көз карашын түп тамырынан өзгөртүү зарыл дешет адистер.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG