Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Футбол: испанга теңел, кыргыз!


Жаңы эле аяктаган Евро-2012 футбол чемпионаты кыргыз футболунун өнүгүшүнө дем береби?

"Арай көз чарай" талкуусуна футбол боюнча эмгек сиңирген машыктыруучу, кыргыз дене тарбия жана спорт тармагына эмгек сиңирген ишмер Бообек Кадыркулов жана Футбол федерациясынын футзал комитетинин төрагасы, улуттук даражадагы калыс Рыскелди Мусаев катышты.

“Азаттык”: Алгач Евро-2012 футбол чемпионаты тууралуу кеп кылсак. Мына анда экономикасы аксап, катуу каатчылыкты башынан кечирип аткан Испаниянын курама командасы жеңишке жетишти. Аларды тосуп алган эл каатчылыкты унутуп калгандай эле болушту окшойт. Евро-2012 чемпионаты футбол оюн эмес, улуттук сыймык, идеологияга айланып калганын көрсөткөндү. Кандай дейсиз, Бообек мырза?

Кадыркулов: Европа чемпионатында Испания өзгөчө орунду ээледи. Өз мамлекетине болгон сүйүүсү, футболду ушунчалык жогорку деңгээлде оюнду көрсөтүштү. Башка бир дагы команда Испаниядай өзүн көрсөтө алган жок. Испаниянын өзүнүн чемпионаты дүйнө жүзүндөгү эң күчтүү деп эсептелет, бул өлкөдө эки футбол командасы бар: "Барселона" менен "Реал". Испаниянын курама командасынын көпчүлүгүн ушул эки команданын оюнчулары түзүштү.

Мусаев: Дүйнө жүзүндө азыр экономика менен кошо эле спорт да өнүгүп атат. Спорт менен маданият өзүнчө бир бренд. Мисалы, баскетболду алсак, кичинекей Израилдин эле канча ийгиликтүү баскетбол командалары бар.

3,5 млн. калкы бар Уругвайдын футбол командасы дүйнөлүк чемпионатта алдыңкы орундарды ээлеп атышат. Демек спорттун өнүгүшүнө мамлекет тарабынан көңүл бурулушу керек. Бизде да толук мүмкүнчүлүк бар, футболду өнүктүрүүгө. Анткени элибиз аз, мамлекетибиз чакан, экологиябыз таза, бардык потенциалдар бар.

Улуттук спорттук программа иштелип чыгыш керек да, аны ишке ашырууга каражат мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилиши керек. Бир эле мисал: бизде эл аралык деңгээлге жооп бере турган бир да стадион жок. Ал эле эмес бизди кичи футбол өткөрүүчү эл аралык деңгээлдеги, таблолору бар залыбыз жок.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Евро-12 чемпионатын кыргызстандыктар өтө кызыгуу менен көрүшкөнү байкалды. Ошол эле учурда биздин өлкөдө да футболго болгон кызыгуу бир аз ойгонгондой таасир калтырат. Буга айрым ири шаарларда футбол аянтчаларынын көбөйгөнү далил сыяктуу. Кыргыз футболунун келечеги барбы?

Кадыркулов: Кыргызстанда футболду өнүктүрүү үчүн эмне керек? Союз тушундагы балдардын спорт мектептерин, андагы футбол бөлүмдөрүн калыбына келтирүү, аларды тиешелүү адистер менен камсыздоо. Экинчиден, айылдардагы мыкты ойногон балдарды Бишкектеги спорт мектебине тандап алуу. Өлкөнүн түштүгүнө атайын олимпиадалык резервдеги мектеп ачуу керек, анткени ал жактагы мыкты, таланттуу балдар Бишкекке келип окуй алышпайт. Ар бир облуста жогорку лигада ойной турган командаларды түзүү керек.

“Азаттык": Кыргыз футболун Салымбеков, Сакебаев сыяктуу айрым меценаттар колдоого алып, натыйжада “Абдыш ата”, “Дордой”, Ошто, Бишкекте шаар башчыларынын көмөгү менен “Алай”, “Алга” сыяктуу футбол командалары ийгиликтерге жетишип жүрүшөт. Мамлекет тарабынан кандай колдоо жетишпейт?

Мусаев: Биринчиден, биз сиз атаган меценаттарга ыраазычылык билдиришибиз керек. Ошондой эле алардан башка дагы көптөгөн энтузиасттар бар. Мына алардын бири – Бообек мырза. Бүгүнкү күнгө чейин эле футбол жаатында келе жатат.

Өкмөттөн акча албайбыз, федерациядан албайбыз. Ошентсе деле мелдештерди өткөрүп, оюндарды уюштуруп атабыз. Акчасы жок деле өсүп атышат. Быйыл Азия чемпионаты өткөндөн кийин биздин эки футболчу: дарбазачы Ермол Кирилл менен Нуржан Жетибаев деген оюнчубузду Катар мамлекетине ойноого чакырып атышат. Таланттар бар, аларды өстүрүп, таптоо гана чоң маселе болуп турат.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG