Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:51

Таласка ынды кара футболчулар келди


Таласта жаңы түзүлгөн “Талас” футбол клубуна нигериялык үч, ирандык бир легионер футболчу кошулду.

Ошондонбу, жегиликтүү күйөрмандар кара түстөгү футболчулардын оюндарына кызыгуусун артып жатат.

Таластыктар кара түстөгү футболчуларды буга чейин сыналгыдан гана көрүп келген болсо, эми аларды жакындан көрүшүүдө. Ала жаздан бери Таласта нигериялык футболчулар пайда болду. Алардын бири - Жами Азиз Адешина. Кыргызстандык жаңы достору Азиз деп атап алышкан экен. Ал Кыргызстанга 2 жыл мурун келип, бир катар футбол клубдарда ойногон.

- Кыргыз футболу азыр анча өсө элек. Ошон үчүн Кыргызстандын футболуна көптөгөн чет элдик футболчулар жардамга келишүүдө. Сиз билесизби, бул жакта футбол ойногонду баары эле биле беришпейт. Бизде болсо тандаган кесибиң менен бирге футболду да өздөштүрүшөт. Мисалы, мен экономисттин окуусун окуп, экинчи кесибим катары футболду да өздөштүргөм. Бул жакта Нигериядан башка Бразилия, Камерун, Ганадан келген досторубуз ойношуп, жардам беришүүдө.

Ар кимге өзүнүн туулган жери Мысыр демекчи Азиз да өзүнүн түпкү мекени Нигерия тууралуу кеп кылып отурду:

- Африканын баркы билинип жатат. Баары Африка чакан эле бир чөлкөм деп ойлошот. Жок, Африка чоң аймак. Ал жакта ЮАР, Кения, Гана сыяктуу өлкөлөр бар. Нигерия Африкадагы эң бай өлкөлөрдүн бири. Анын тарыхында көптөгөн кызыктар катылган. Жанымда ата-энем жок болгондуктан аларды албетте сагынам. Алар менен телефон, компьютер аркылуу байланышып турам.

Дагы бир нигериялык футболчу Гифт Белек Акбобомме да кепке аралашты. Анын кыргызча аты Белек экен. Ал бул жакка келгенге чейин Кыргызстан тууралуу такыр укпаптыр. Кыргызстанды Орусиянын бир бөлүгү деп гана ойлогон экен. Андан "Таласта футболдун келечеги барбы" деп сурадым.

- Азыр "Талас" командасы жаңылык. Анын менеджери да, командадагы оюнчулар да жакшы. Бир-эки жыл мурда анча жакшы эмес болсо, учурда оңолуп калды.

Белек палоону даярдап жегенди жакшы көрсө, анын мекендеши Азиз кыргыз бешбармагын тамшанып жейт тура.

Нигериялык футболчулар да башка күйөрмандар сыяктуу эле Евро-2012ни көрүп, кайсы бир команданы сүрөштү. Мисалы, Белек Испания командасынын күйөрманы, ал эми Азиз Криштиану Роналдунун ашынган күйөрманы болгондуктан Португалияны сүрөгөнүн айтты:

- Мен Португалияны сүрөгөм. Поругалиянын утулганы мен үчүн катуу сокку болду. Мен кичине кезимден бери Роналду кайсы клубда ойносо, ошону сүрөп келем. Анткени Криштиану абдан шамдагай, ылдам чуркайт. Мен анын оюндарын көрүп, андан көптү үйрөнгөм.

“Талас” футбол клубунун жетекчиси Замир Молдокматовдун айтымында, чет элдик жалданма оюнчулар жергиликтүү футболчулардын демине дем, шыгына шык кошуп жатат:

- Булар жакшы шыктандырып жатат. Анткени бөлөк эл, бөлөк мектеп дегендей, булардыкы Африканын мектеби болуп жатпайбы. Биздики советтик мектеп да. Ал эми советтик мектеп артта калган. Заманбап футбол такыр башка жакка кетип калбадыбы. "Миң уккандан бир көргөн артык" дегендей булардын техникасын, ыкмасын колдонуп калышыбыз керек да. Анткени буларды өмүр бою кармап кала албайбыз.

Таластын футболчулары жакынкы убакта чоң мелдештерди утуп, көрүнө элек. Эми чет жердиктердин сүрөөнү жана көмөгү менен алдыга озуп чыгабыз деп тилек кылып турушат.
XS
SM
MD
LG