Кыргызстанда парламент өкмөттү кетирүү боюнча маселени качан караары азырынча белгисиз. Бул тууралуу бүгүн журналисттерге Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков айтты.
Ал фракция лидерлерине кечээ кат жөнөткөнүн, өкмөт боюнча кезексиз жыйынга чогулуу керекпи же жокпу, сурап кайрылганын кошумчалады. Бирок бул маселеге байланыштуу атайын кезексиз жыйын чакыруу зарылчылыгы жоктугун, сентябрда, иш башталганда эле караса болот деген жеке пикири бар экенин айтты.
29-июнда, парламент жайкы эс алууга кетээр алдындагы акыркы жыйында иш күнү аяктап калганда спикерге 45 депутат кол койгон кайрылуу түшкөн. Анда өкмөттүн отставкасын талкуулоо керектиги айтылган. (RK)