Украин парламенти орус тилинин региондордогу расмий макамын жогорулаткан мыйзамды бекиткенине нааразылык ирети Владимир Литвин парламент төрагалыгынан кеткенге арыз берди. Парламентте Региондор партиясы көпчүлүктү түзөт. Мыйзамды кабыл алуу Киевде депутаттардын мушташы жана демонстрация менен коштолду. 3-июлда үчүнчү окууда кабыл алынга мыйзамга ылайык, орус жана башка элдер калктын он проценттен көбүн түзгөн жерлерде улуттук азчылыктын тили мамлекеттик украин тилиндей колдонууга ээ болот.
Орус тили Украинанын түштүгүндө, чыгышында жана чоң шаарларында көп сүйлөнөт. Батыш жана Түндүк Украинада жана айыл жерлеринде украин тили үстөмдүк кылат. Мыйзамга парламент төрагасы Владимир Литвин жана президент Виктор Янукович кол койор менен күчүнө кирүүгө тийиш.