Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

Парижде "Сирия достору" жыйын курат


Сирия президенти Башар Асаддын бийликтен чегинишин талап кылган батыш жана араб өлкөлөрүнүн өкүлдөрү бүгүн Парижде жолугат. Ушуну менен үчүнчү жолу өткөрүлүп жаткан “Сириянын достору” конференциясынын башкы максаты - аскердик аракеттерден жабыркаган райондорго гуманитардык жардам жеткирүү жана сириялык көтөрүлүшчүлөрдү колдоо болуп саналат. Айрым өлкөлөр көтөрүлүшкө чыккандарды курал менен камсыздоо демилгесин көтөрүп келишет. Ал эми Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму бул маселеде этият болууга чакырууда. Ар кыл эсептер боюнча кечээ Сириянын аймактарында өкмөт күчтөрү менен кагылышта 56 адам набыт кеткени кабарланууда. (KKs/RK)

XS
SM
MD
LG