Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:49

Алтын кендери аукциондо сатылат


Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматына ылайык, ушул аптанын ичинде Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Чүй облустарында жайгашкан 11 алтын жана 1 көмүр кени геологиялык чалгындоо жүргүзүү жана иштетүү үчүн аукционго коюлат.

22-июнда өкмөт бекиткен жобого ылайык, аукционго кендерди чалгындоону жана иштетүүнү каалаган кыргызстандык жана чет элдик ишканалар катыша алат. Агенттиктин маалыматында, Кыргызстанда жалпысынан 93 кенди аукционго чыгарууну пландалып жатат.

Өлкөдөгү эң ири алтын кени болгон Кумтөрдө өткөн аптада болгон премьер-министр Өмүрбек Бабанов экологиялык катастрофа коркунучу түзүлгөнүн эскерткен эле.

XS
SM
MD
LG