Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:15

Кумтөр: текшерүүчү компания тандалат


Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия экологиялык жана каржылык экспертизаларды жүргүзүү үчүн эл аралык аудиторлорду жалдамай болууда.

Буга комиссиянын айрым мүчөлөрү каршы болуп, эң оболу жергиликтүү эксперттердин кеңешине таянуу керектигин белгилешүүдө.

Ал эми “Центерра Голд” менен кылмыштуу келишимдерге барган кыргыз жетекчилерди жоопко тартмайынча, бул иштин аягына чыгуу мүмкүн эмес дегендер да болууда.

Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссия укуктук, тоо-кен-экологиялык жана социалдык-экономикалык багыттар боюнча жумушчу топторду түздү. Мындан тышкары, Кумтөр кенине экологиялык жана каржылык экспертизаларды жүргүзүүчү эл аралык аудиторлорду жалдамай болуп жатканын Экономика жана монополияга каршы саясат министри Темир Сариев билдирди.

- Биз көз карандысыз, "Кумтөр" компаниясы менен байланышы болбогон аудиторлорду тартканы жатабыз. Мисалы, Кумтөрдү эки-жылдан бери текшерген компанияны киргизбей, алып салдык. Биз калыс жана көз карандысыз тыянак алыш үчүн эч кандай байланышы жана илинчеги жок өз алдынча компанияны тартабыз.

Ушул тапта 10 эл аралык аудитордук компания менен сүйлөшүүлөр жүрүп, комиссия алардын бирин 27-июнга чейин тандамакчы. Бирок комиссиянын айрым мүчөлөрү эл аралык эксперттерге эмес, өлкөдөгү адистерге көбүрөөк ишеним артуу керектигин айтышууда.

"Кумтөр Голд" компаниясынын жетекчиси Андрей Сазанов.
"Кумтөр Голд" компаниясынын жетекчиси Андрей Сазанов.
Комиссиянын коомдук мүчөсү, “Өмүр дарагы” фондунун жетекчиси Калия Молдогазиева жок эле дегенде чет элдик текшерүүчүлөр жергиликтүү эксперттер менен чогуу кызматташышы керек деп эсептейт.

- Эл аралык аудиторлорго жергиликтүү эксперттер менен сүйлөшкүлө, алар менен биргеликте чечимге келгиле деп айтыш керек. Анткени жергиликтүү шарттарды, Кумтөр башталгандан берки окуялардын тарыхын жергиликтүү эксперттер жакшы билишет.

Бирок мамлекеттик комиссия жумушту топтордун ишине сөзсүз жергиликтүү адистер, тоо-кен жана кен иштетүү тармагын, экологиялык жана эл аралык укуктук маселелерди мыкты билген кыргызстандык адистер тартыларын бышыкташты.

Каржы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө боюнча мамлекеттик кызматтын жетекчиси Юруслан Тойчубеков эгер комиссиянын жыйынтыгы боюнча талаш жаралып, Кумтөр боюнча эл аралык сотто соттошо турган болсо, эл аралык аудиторлордун тыянагы салмактуу болорун, андыктан аларды жалдоо зарылдыгы бар экенин айтууда.

- Себеби булар көп жыл соттошушу мүмкүн. Эгер соттошуп калсак, алар жергиликтүү тыянактар туура болгон жок деп айтат.

Ким жоопко тартылат?

Ал эми комиссиянын мүчөсү, “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Карганбек Самаков Кумтөр кенине байланыштуу оболу мамлекетте ички териштирүүлөрдү жүргүзүп алуу сунушу менен чыкты. Анын айтымында, алгач “Центерра Голд” менен кылмыштуу келишимге барган мамлекеттик жетекчилерди жоопко тартып, алардын түзгөн келишимдери мыйзамсыз болгону далилдениши керек. "Болбосо "Кумтөргө" уттурабыз" дейт депутат.

- 1992-жылы бул келишим түзүлгөндө 2003-жылдан тарта Кумтөр 100 пайыз мамлекетке өтүшү керек болчу. Бирок ошол кезде Жогорку Кеңештен уруксат албастан сатып ийишкен. Мында ал кездеги өкмөт башчы жана вице-премьер-министр, мамлекеттик мүлк министри жана башкалар тымызын сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Мамлекеттик комиссия 1-октябрга чейин Кумтөрдөгү каржылык, экологиялык, өндүрүштүк, социалдык зыяндардын өлчөмүн иликтеп чыгышы керек. Ага ылайык, кыргыз өкмөтү “Центерра Голддун” ортосундагы келишимдерди кайра карашы да мүмкүн.

Депутаттар өткөн айда парламенттеги кызуу талкуулардан соң мамлекеттик комиссия түзүү тапшырмасын берген. Өткөн аптада өкмөт башчы Өмүрбек Бабанов Кумтөр кенине барып, кен казуудагы мыйзам бузуулар аныкталса, кескин чаралар көрүлө турганын айткан.

XS
SM
MD
LG