Ооганстандын түндүгүндө нике тойдо жанкечти жардырган бомбадан 20 адам набыт болду. Алардын ичинде таасирлүү аскер башчы жана парламент мүчөсү, теги өзбек Ахмад Хан Самангани, провинциянын коопсуздук кызматынын башчысы жана дивизия командири бар. Бомбаны жанкечти Саманган провинциясынын борбору Айбак шаарында Ахмад Хан Самангани кызын күйөөгө узатып, той берип жатканда болду. Теги өзбек Самангани президент Хамид Карзайдын союздашы жана өлкөдөгү көрүнүктүү өзбек саясатчысы, генерал Абдул Рашид Достум менен элдешкис жоо болчу.
Талиптер бомба чабуулуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.
Талиптер бомба чабуулуна эч кандай тиешеси жок экенин билдирди.