Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:02

Жогорку Соттун судьяларын тандоонун 1-туру аяктайт


Бүгүн Сотторду тандоо кеңеши Жогорку Соттун судьяларын тандоо боюнча сынакты улантып, кеңеш мүчөлөрү акыркы 9 талапкердин арызын карайт. Бул тууралуу Сотторду тандоо кеңешинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Кеңеш беш жолку жыйынында жалпысынан 64 талапкерге экинчи турга катышууга макулдук берди.

Сотторду тандоо кеңеши 10-июлдан тарта Жогорку Сотко судьяларды тандоо жараянын баштаган. Жалпысынан сынактын башталышында судьялык орун үчүн 92 талапкер арыз берген. Бирок алардын 20га жакыны өз арызын чакырып алып, учурда 35 орун үчүн 73 талапкер ат салышууда.

Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы Шамарал Майчиев сынактын биринчи айлампасында талапкерлердин документтери караларын, экинчисинде аңгемелешүү болорун, үчүнчү турга өткөн талапкерлер добуш берүү менен тандаларын билдирген.

XS
SM
MD
LG