Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:45

Жалал-Абадда мамлекеттик тилдин абалы талкууланды


Мамлекеттик тил комиссиясынын төрагасы Рыскелди Момбеков Жалал-Абад шаарында өткөн жыйында ар бир жетекчи мамлекеттик тил сынагынан өтүшү керектигин жана мамлекеттик тил мыйзамын бузгандарга айып пул салуу зарылдыгын билдирди. Анткени кыргыз тили өлкөдө бардык улуттарды бириктирүүчү тил болушу керек, ага муктаждык абзел. Анын айтымында, Жалал-Абадда көчө жарнактары менен иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүп, башкаларга үлгү болор бардык шарттар бар.

ЮНЕСКО уюму кыргыз тилин 50 жыл аралыгында жоголуучу дүйнөдөгү үч миң тилдин катарына кошкон. (YA)

XS
SM
MD
LG