Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:07

В.Путин Сирия боюнча Кофи Аннандын планын колдой турганын айтты


В.Путин (оңдо) менен К.Аннан, Москва, 17-июль, 2012
В.Путин (оңдо) менен К.Аннан, Москва, 17-июль, 2012
Бириккен улуттар уюму менен Арап лигасынын Сирия боюнча атайын өкүлү Кофи Аннан бүгүн Орусияда президент Владимир Путин менен жолугушту. Сүйлөшүүлөрдөн кийин орус президенти Аннанга кайрылып:

“Биз Бириккен улуттар уюмунун жана Арап лигасынын атайын чабарманы катары Сирияда тынчтыкка жетишүү үчүн сиз көрүп жаткан аракеттерди башынан эле колдоп келгенбиз, - деди. - Баарыбыз сизди өтө ак ниеттүү, мыкты иш билги адам катары билебиз жана сизди көпчүлүк колдой турганынан кабарыбыз бар. Мен сизди колдош үчүн колубуздан келгендин баарын жасайбыз деп ишендиргим келет”.

Эл аралык коомчулуктун Асаддын режимине басым жасоо боюнча аракеттерине Москва каршылык билдирип келатат. Аннандын Москвага сапары Сириянын өкмөтүнө каршы санкция киргизүү маселеси шаршембиде БУУнун Коопсуздук кеңешинде добуш берүүгө коюлат дегендин алдында болду. Расмий Москва бул аракетти да четке кагаарын ачык эле билдирген.

XS
SM
MD
LG