Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:12

Чек арадагы аймактарда 15 милиция бөлүмчө курулуп жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин түштүк региону боюнча орун басары Курсан Асанов билдирди. Анын айтымында, Жалал-Абад облусунда алты, Баткенде үч, Ош облусунда төрт, Ош шаарында эки милициянын аймактык бөлүмчөсү ачылат. Учурда штат маселеси чечилип жатат.

Асанов Ала-Букадада чек арадагы айылда болгон окуяга байланыштуу облустук ички иштер башкармалыгынан тергеп-иликтөө тобу жөнөтүлгөнүн, учурда кырдаал туруктуу экенин айтты.

Кечээ кечке маал Ала-Букада Көк-Таш айыл өкмөтүнө караштуу Булак-Башы айылындагы кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болуп, бир кыргыз чек арачы окко учту, дагы эки жаран жараат алды. Кыргызстандын чек ара кызматы Өзбекстан тарапта да набыт болгондор бар болушу мүмкүн деп билдирди.

Расмий маалыматка ылайык, атышуу эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аймакта кыргыз жарандары менен өзбек чек арачылары ортосундагы араздашуудан чыккан. Өзбекстандык чек арачылар Көк-Таш – Булак-Башы унаа жолун оңдоп жаткан жергиликтүү тургундардан талаштуу аймактан чыгып кетүүнү талап кылган. Бирок ортодон кайым айтышуу чыгып, өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Андан соң кыргызстандык чек арачылар ок менен жооп кайтарганы кабарланды.

Чек ара кызматынын башчысы Закир Тиленов Өзбекстандын чек ара кызматынын төрагасы менен телефон аркылуу сүйлөшүп, окуяны тынч жол менен чечүү тууралуу макулдашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG