Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

Бир тонна цемент 4 561 сомго бааланды


Экономикалык тескөө жана антимонополдук саясат министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, министрликке караштуу Конкуренцияны өнүктүрүү департаменти “Кант цемент заводу” ААКсын кезексиз текшергенден кийин завод быйыл чыгашага иштеп жатканы аныкталды. Мындан улам министрликтин адистери заводдун иши токтобосу үчүн бир тонна цементтин заводдон чыккан баасын (салыктар кошулбагандагы) 4561 сомго баалады.

Өткөн айда республика боюнча цементтин баасы кымбаттап кеткен эле. Маселен, Бишкек шаары менен Чүйдө бир тонна цемент жети миӊ, түштүк облустарында жети жарым миӊ, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында сегиз жарым - тогуз миӊ сомго чейин жеткен.

Кыргызстанда азыр үч цемент заводу иштейт. Алар: Кант, Кызыл-Кыя жана Араван цемент заводдору. (ТТо)

XS
SM
MD
LG