Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:37

Иракта жыл башынан берки эң кандуу күн болду


Бүгүн Багдадда жана Ирактын түндүгүндөгү шаарларда болгон аткылашууларда жана бомба чабуулдарында 100дөн ашуун адам курман болду, көптөгөн адамдар жараат алды. Дулуия шаарынын жанындагы аскерий базага жана Тайжи шаарына урулган соккуда кеминде 40 адам өлдү.

Аткылашуулар жана бомба чабуулдары Саадия, Хан Бени Саад, Киркук, Туз Хурмату жана Дибис шаарларында да болду. Жалпысынан 13 шаарга жасалган 21 чабуулда ошондой эле 200гө жакын адам жарадар болгону, бул Ирактагы быйылкы эң чоң кандуу булоон экени маалымдалды. Кол салууларды “Ал-Каида” уюштурду деп шектелүүдө.

XS
SM
MD
LG