Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:11

ИИМ: Уюшма кылмыштуу топ башчылары дагы кармалат


Жакынкы эки айда Кыргызстандагы уюшма кылмыштуу топтордун дагы эки башчысы колго түшүрүлмөй болуп жатат. Бул тууралуу бүгүн “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев билдирди.

“Камчы Көлбаев жана Алманбет Анапияев боюнча да иштеп жатабыз. Август-сентябрда жакшы жыйынтык болот деген оюбуз бар”, - деди Турганбаев.

Кыргызстанда кылмыш дүйнөсүнүн төбөлү деп эсептелген Камчы Көлбаевдин жанжөөкөрү Адилет Касенов Бириккен Араб Эмираттарынан 25-июлга караган түнү Бишкекке жеткирилди. Ички иштер министрлиги издөөдө жүргөн кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү делген Камчы Көлбаев, Алманбет Анапияев жана Адилет Касенов биргелешкен операциянын алкагында Дубай шаарында кармалганын бир жыл мурун билдирген эле. (RK/ZKo)

XS
SM
MD
LG