Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:26

Олимпиаданын уюштуруучулары Түндүк Кореянын курама командасынан кечирим сурады


Түндүк Кореянын футбол боюнча аялдар курама командасы оюн алдында чоң экрандан спортчулардын сүрөтүн Түштүк Кореянын желегинин фонунда көрсөткөнү үчүн таарынып, Глазго стадионунан чыгып кетишти. Ушундан улам 19:45те башталчу оюн дээрлик бир саатка кечикти.

Түндүк Кореянын футбол боюнча аялдар курама командасы колумбиялык футболчулар менен беттешип, 2:0 эсебинде жеңишти камсыз кылышты. Жаңылыш сүрөттү экрандан көрсөткөнү үчүн олимпиада уюштуруучулары Түндүк Кореянын олимпиадалык делегациясынан кечирим сурап, экинчи мындай ката кайталанбайт деп убада берди. Түндүк Корея менен Түштүк Корея акыркы 60 жылдан бери тирешип келет.

XS
SM
MD
LG