Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Бүгүн Жайкы олимпиада расмий башталууда


Доппингге каршы эл аралык агенттик бул оюндар тарыхтагы эң көп текшерилген Олимпиада болорун билдирди. Мелдештерге чейин 1 айдан бери өткөрүлүп келаткан тесттер 100 атлеттин доппинг колдонгондугу үчүн оюндардан четтетилишине алып келди. Кечээ грециялык чемпион Димитрис Хондроукустун анализдери позитивдүү болуп чыкты. Анын алдында дагы 10 белгилүү спортчунун Лондон олимпиадасынан четтетилгени кабарланган. Алардын ичинде медаль утушу мумкүн делинген орусиялык жана украиналык спортчулар бар.

Ал эми саударабиялык Вождан Шахеркани аттуу дзюдочуга хижабчан таймашууга тыюу салынды. Эл аралык дзюдо федерациясы 18 жаштагы Шахеркани күрөштүн принциптерине ылайык, татамиге жылаң баш чыгууга тийиш деген чечим чыгарды. Дзюдодо көптөгөн коопсуздук эрежелери бар жана башын чүмкөө каршылаш спортчунун саламаттыгына залака тийгизиши мүмкүн. Сауд Арабия тарыхта биринчи жолу олимпиадага эки аялды жиберүүдө. Шахерканиден тышкары Лондонго жөө күлүк Сара Аттар барат. Эл аралык Олимпиада комитети жана укук коргоочу уюмдар падышалыктын жалаң эркектерден турган команда жиберүү практикасын катуу сындаган.

XS
SM
MD
LG