Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Пакистанда АКШныкы болсо керек делген ракета чабуулунан төрт адам өлдү


Жумурияттын Ооганстан менен чектеш жеринде болгон окуя тууралуу Пакистандын чалгын кызматынын атын атабоону өтүнгөн өкүлү билдирди. Кабарга караганда, Түндүк Вазиристандагы Кушали деген айылда пилотсуз аскерий учактан атылган ракета жолдо бараткан машинеге тийген. Азырынча өлгөн адамдардын ким экени аныктала элек. Түндүк Вазиристанда бир нече ооган жана пакистандык жикчил топтор жашырынып жүрүшкөнү маалым. Бул аймак “Аль-Каиданын” да согушчандары көп деп эсептелген жерлерге кирет.

XS
SM
MD
LG