Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:40

Сары-Таш: кыргыз-тажик чек арасы күчөтүлгөн кайтарууда


Оштун Алай районундагы Сары-Таш айылынын башчысы Бердибай Тойматовдун “Азаттыкка” маалымдашынча, кыргыз-тажик чек арасын күчөтүлгөн тартипте кайтаруу уланууда. Чек аралаш аймакта кырдаал туруктуу. Мургабдын өзүндө телефон байланышы жана Интернет үзгүлтүккө учурагандыктан, кабарлашуу мүмкүн болбой жатат. Бирок унаалар чек арадан тоскоолдуксуз кирип чыгууда.

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан облусунун Мургаб районунунда 14 миңден ашуун адам жашайт. Алардын сексен пайызы кыргыздар. Райондон 100 чакырым ары жайгашкан облус борбору – Хорог шаарында 21 июлдан тарта тажик бийлиги куралдуу топко каршы атайын операция баштаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG